Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

Сот укук коргоочуларды акчалай айыпка жыкты



Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту бүгүн өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүшкөн укук коргоочуларды соттоп, алардын ар бирин акчалай айыпка жыкты. Соттун чечимине ылайык, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаиловага 500 сом, “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаевага 2000 сом, “Интербилим” уюмунун дагы бир өкүлү Гүлнара Журабаевага 1500 сом жана “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасуловага 2000 сом айып салынды.

Эскерте кетсек бүгүн төрт укук коргоочу өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүшүп, өздөрүн чынжыр менен “ак үйдүн” темир торуна байлап алышкан. Кечээ ошол эле укук коргоочулар каршылык акциясына чыгышканы үчүн соттолуп, аларга 1500 сомдон айып салынган болчу. Укук коргоочулар шайлоодон кийин камалган жарандарды бошотууну, алардын укуктарын тебелебөөнү талап кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG