Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстанда ЖККУнун саммити башталды


Бул жолу ЖККУнун бейрасмий саммити Ысык-Көлдө өтүп жатат. Учурда уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери толук Чолпон-Ата шаарында чогулуп, саммит өз ишин баштады.

ЖККУнун бул жолку саммити президент Курманбек Бакиевдин экинчи мөөнөткө шайланышына жана анын 60 жылдык тоюна туш келди. Ага байланыштуу уюмдун бардык мүчөлөрү анын экинчи мөөнөткө шайланышын жана 60 жашка чыгышын куттукташты.

Мындан мурдараак Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУнун алкагында аскерий база ачыла тургандыгы сөз болуп, аны Орусия тарап бышыктаган болчу. Бирок кийинчерээк эки тарап тең саммит учурунда бул маселе күн тартибине коюлбай турганын айтып чыгышкан. Андыктан уюмдун лидерлери бул маселени жабык эшик аркасында талкуулашы мүмкүн. (IJz)

XS
SM
MD
LG