Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Акыйкатчы камалгандарды бошотууга чакырууда


Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, ЖККУнун саммити алдында оппозиция лидерлери менен бийлик өкүлдөрү жолугуп, өз ара бир пикирге келишкен болчу. Ага ылайык бийлик өкүлдөрү 29-июлда камалган жарандардын бардыгын бошотууга убада берип, өз кезегинде оппозиция лидерлерин саммит бүткөнчө митинг-пикеттерди уюштурбай турууга көндүрүшкөн. Бирок акыйкатчынын айтымында, бийлик тарап өзүнүн убадасын аткарбай, камалгандарды дагы эле бошото элек. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып акыйкатчы Т.Акун эки тараптын сүйлөшүүгө отуруусуна ортомчулук кылганын, эми камалгандар бошотулбай кайра эле өзү жаманатты болуп жатканын айтат.

Ошондой эле ал бул маселени президент билерин, камалгандардын бошотулушу керектигин ал да айтканын, бирок анын кол алдындагылары тескери иш кылып жатышканын айтат. (IJz)

XS
SM
MD
LG