Филиппиндин мурдагы президенти Корасон Акино 76 жаш курагында рактан көз жумду. Акино Фердинанд Маркостун 20 жылдык режимине чекит койгон 1986-жылкы элдик революциянын каарманы катары эсте калат. Ал саясатка күйөөсү, белгилүү сенатор, киши колдуу болгондон кийин аралаша баштаган. Акино Филиппинди 1986-1992-жылдары башкарган.