Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:31

“Мен ишенбейм” кыймылы жагымпоз уюмдарга каршы


Аталган кыймыл атайын билдирүү таратып, бүгүнкү күнү бийликке жагынгысы келген жаштардын уюмдары күч алганын, алар айрым учурда демократиялык нуктагы эркин уюмдарды жаманатты кылууда колдонулуп жатканын айтышты.

Билдирүүдө “Таза шайлоо үчүн!” аттуу ураанды дал ушундай аталыштагы бийликчил уюм менчиктөөгө аракет кылып жатканы, 29-июлда алар ушундай аталыштагы акциялардын өтүшүн айып чыгышканы, муну менен алар бийликке жагынгысы келишкени айтылат.

Буга чейин “Таза шайлоо үчүн!” кыймылынын координатору Төрөбек Пратов маалымат таратып, алардын кыймылы жүрүштөргө чыкпаганын, айрым адамдар алардын уюмунун атын мыйзамсыз пайдаланып, Кыргызстанда мыйзамсыз митингдерди өткөрүүгө аракет кылышканын айтып чыккан.

“Мен ишенбейм” кыймылынын өкүлдөрү болсо Кыргызстанда 15 жылдан бери “Таза шайлоо үчүн” деген ураан менен жарандык коом акыйкат шайлоолорду талап кылып келатканын, аны кечээ эле түзүлө калган жагымпоз уюмдар менчиктеп алууга акысы жоктугун, жагымпоз уюмдардын ушундай атты алып жүрүшүнүн өзү эле абдан жагымсыз экенин айтышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG