Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Талдоочулар кийинки беш жылга сереп сала башташты


Бүгүн президент Курманбек Бакиев экинчи мөөнөтүнө ырасмий түрдө киришип, анын кийинки беш жылдык башкаруусу кандай болорун талдоочулар негиздеп айтканга аркет кыла башташты.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун айтымында, К.Бакиевдин башкаруусу алдында өткөн төрт жылдык мөөнөт кыйла татаал болду. Анткени бул төрт жылдын эки жылдан ашууну митинг-пикеттер, уруш-талаштар, ызы-чуулар менен коштолуп, президенттин ишине абдан жолтоо болду. Ж.Жоробековдун пикиринде, учурда президент К.Бакиев абалды толук өз көзөмөлүнө алганга жетишти, андыктан келаткан беш жыл Кыргызстан үчүн өнүгүш-өсүштүн жылы болушу ажеп эмес. Ошондой эле ал мындан мурда оппозиция өлкөнүн өнүгүшүнө жолтоо болуп, бийликти иштетпей келгенин, андай радикал оппозициянын ордуна конструктивдүү, жаңы оппозиция келиши керектигин айтат.

Ал эми дагы бир саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, алдыдагы беш жылда Кыргызстан өнүгөт деп айтканга эч кандай негиз болбой жатат. Анткени мамлекеттик система өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштей тургандай болуп өзгөргөн жок, коомчулук мурдагы түшүнүктөрдөн арылып, жаңы бир деңгээлге көтөрүлгөн жок жана демократиялык баалуулуктар мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагыдан жакшырып кетпеди. “Мен бул үчүн эч кимди күнөөлөбөйм. Бирок факт ушундай болуп атат. Бизде демократия өнүкпөй эле тескерисинче болуп атпайбы. Андыктан өнүгөт деп канчалык үмүт кылсак да, ага негиз болчу нерселер болбой жатат”,- дейт А.Мамбеталиев. (IJz)

XS
SM
MD
LG