Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Нигерияда радикал козголоңчулар издөөгө алынды


Нигериянын коопсуздук күчтөрү исламчыл радикал топтун мүчөлөрүн издөө иштерин улантышууда. Буга чейин өкмөттүк аскер күчтөрү менен “Боко Харам” аттуу жикчил уюмдун согушкерлеринин ортосундагы кагылышууда 700 киши набыт болгону кабарланган. Акыркы эки күн ичинде жаңы кагылышуулар болбогону менен, аскер башчыларынын баамында, уюмдун көптөгөн куралдуу мүчөлөрү жашырынып жүрүшөт. Радикал согушкерлер мунайга бай Нигерияда шариат мыйзамдарын орнотууга умтулуп келишет.

XS
SM
MD
LG