Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кечээ нөшөрлөп жааган жаан Алай районундагы Сопу-Коргон-Терек автожолун жууп кетти. Жабыркагандар жок. Учурда ал жерде жол тазалоочу техникалар иштеп жатат.
ЧКМдин дагы бир маалыматы боюнча өткөн жуманын аягында сел Кадамжайдагы Айдаркен шаарчасын таза суу менен камсыздаган суу кампасын бузуп кеткен. Бул кырсыктын кесепеттерин жоюуга Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары менен ЧКМдин кызматкерлери тартылып, суу кампа калыбына келтирилген. Калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан мезгилде шаардыктарга таза суу автомашина менен ташылып берилди.(ZKo)