Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

УКМК имаратынын алдында пикет болот


Укук коргоочу Азиза Абдурасулова 17-август күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдында пикет өткөрөрү тууралуу маалымдаманы 1-Май райондук администрациясына бүгүн тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген укук коргоочу пикетте “Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү шартында адамдардын эркиндиги, укугу жана өмүрү сакталууга тийиш” деген талап күч структураларына багытталмакчы. Мындай талап коюлуусунун себебин Азиза Абдурасулова”терроризм, экстремизм менен күрөшүп жатабыз дегнен шылтоо менен Ноокат окуясында күнөөсүз адамдар сабалышты, Жалал-Абадда бир бечара жок жерден эки баласынан айрылды. Мындан ары ушундай окуяларга жол бербөөнү биз күч органдарынан талап кылабыз,” дейт укук коргоочу Азиза Абдурасулова.

Өткөн жылдын 1-октябрында Ноокат райондук администрациясына кол салды, деген айып менен отузга жакын киши камакка алынып, алардын көпчүлүгү алды 20 жылга, арты 8-10 жылга эркинен ажыратылышкан. Үстүбүздөгү жылдын 23-июнь күнү болсо КР коопсуздук кызматы Жалал-Абат шаарындагы Пахта көчөсүндө бугуп жатышкан террорчуларды кармоо үчүн УКМК атайын операция уюштурганын, согушчандардын каршылык көрсөтүүсүнөн улам ок атышуу болуп, натыйжада бир коопсуздук кызматкери каза таап, экинчиси оор жаракат алганын, ал эми террорчулардын баары каршылык көрсөткөн учурда жок кылынгандыгын маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG