Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Ички дүң продукциянын көлөмү 94,1 млрд. сом


Бул 2009-жылдын январь-июль айларындагы көрсөткүч. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1% арбын. Ал эми Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүү көлөмү дээрлик 2 млрд. долларга жакын. Мындай маалыматтар бүгүн жаңыдан преизденттик кызматына киришкен Курманбек Бакиев өткөргөн кеңешмеде айтылды.
Президенттик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин кирешеси 30 млрд. 24 млн. сомду түздү. Мунун ичинде салык 11 млрд. 819 млн. сомго, ал эми бажы аркылуу түшкөн каражат 7 млрд. 94 млн. сомго барабар болду. Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси 5 млрд. 914 млн. сомго же 24 пайызга жогорулады. 2009-жылдын 1-июлуна карата пенсиялар жана жөлөкпулдар боюнча мамлекеттин элге карызы жок, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG