Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Президент кышкы камылганы ойлой баштады


Президент Курманбек Бакиев кышкы жылытуу мезгилине даярдыкты азыртадан баштоого тапшырма берди, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Президент социалдык объектилерди көмүр менен камсыздоо, өлкөдөгү көмүр кендерин иштетүүнүн сапатын, анын натыйжалуулугун арттыруу, республиканын көмүргө болгон керектөөсүн, колдон келишинче, жергиликтүү продукциянын эсебинен канааттандыруу зарылчылыгын белгилеген. Мындан тышкары президент өткөргөн бүгүнкү кеңешмеде мамлекет башчысы региондордогу түшүм жыйноо өнөктүгүнүн жүрүшү туурасында маалымат алып, облустардын зарыл болгон айыл чарба техникалары менен канчалык деңгээлде камсыздалгандыгына, эт-сүт азыктарына болгон баага, дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү кандай болооруна кызыккан.(AzK)

XS
SM
MD
LG