Кыргыз өкмөтү бюджеттик мекемелерге кышка даярдык үчүн август-сентябрь айлары 20 млн. сом аванс иретинде акча бөлүүнү Каржы министрлигине сунуш кылды. Премьер-министр Игорь Чудиновдун кечээ жарыялаган токтомунда белгиленгенге караганда көмүр сатып алуу боюнча тендерге бересеси жок бюджеттик мекемелер катыша алышат, карызы бар мекемелер келерки кышка даярдык боюнча каржыланбайт.
Токтомдо ошондой эле “Электр станциялар”, “Кыргызтиричиликкоммсоюз” ишканаларына көмүр үчүн өткөн жылкы карыздардан 1-сентябрга чейин кутулууну тапшырды. “Электр станцияларынын 29 млн. сом, “Кыргызтиричиликкоммуналдык союздун” 24 млн. сомго жакын карызы бар. Кечээ президент Курманбек Бакиев көмүр менен жергиликтүү көмүр кендеринин эсебинен камсыздоону сунуштаган. (BuS)