Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Балыкчы окуясы боюнча сот шаршембиде башталат


Бул тууралуу СДПнын лидери, президенттикке талапкер Алмаз Атамбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сот 3-августка белгиленип, бирок белгисиз себептер менен кийинки күндөргө жылды. 23-июлда президенттик шайлоо учурунда чыккан жаңжалды милиция күч менен басып, оппозиция тарапкерлеринин жоон тобун кармаган. Алардын он төртүнө Кылмыш Кодексинин негизинде Конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирди, шайлоого тоскоол болду, тополоң жасоого аракет кылды деген айып тагылууда. Айып тагылгандар учурда Каракол түрмөсүндө отурушат. Атамбаевдин айтымында партия кармалгандарга адвокат жалдап берип, моралдык колдоо көрсөтүп жатат. СДП партиясынын лидери камакта отургандардын туугандары менен кечээ Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында жолугуп кайтты. Аларды бошотуу тууралуу оппозициянын аракеттерин ачыктаган жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG