Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Соттор оппозиция тарапкерлеринин арыздарын карашат


Бүгүн Бишкек шаардык жана Чүй облустук соттор оппозиция тарапкерлеринин апелляциялык арыздарын кароого киришет. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдырасулова билдирди.
Оппозициянын президенттик шайлоого каршы акциясына катышуу үчүн бараткан жолдо 67 кишини Бишкек шаардык жана Чүй облустук милиция кызматтары административдик тартипти бузду деп 29-июлда кармаган. Сот алардын 63үнө 500 сомдон 15 күнгө камакка чейинки жазаларды чектеп, төртөөнү жоопкерчиликтен бошоткон. 15 күнгө жазалангандардын катарында БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев да бар. Азиза Абдырасулова соттор жазалангандардын арыздарын атайылап созуп, мыйзамды одоно бузуп жатат, анткени беш күнгө чейинки камак жаза алгандар иш жүзүндө жаза мөөнөтүн өтөп коюшту дейт. (BuS)

XS
SM
MD
LG