Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи Махмуд Ахмадинежаддын президенттикке экинчи мөөнөткө шайланганын расмий ырастады. Кечээ аятолла Хаменейи 12-июнда Ахмадинежадды калктын басымдуу көпчүлүгү шайлаганын айтты. Президенттик шайлоодон кийин Иранда массалык митингдер болгон. Демонстранттар шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн ырастап, оппозиция кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып келген. Митингдер маалында 20дан ашуун киши набыт болуп, эки миңге жакын киши камакка алынган. Махмуд Ахмадинежад ушул шаршембиде ант бермекчи.