Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Эркин Бөлөкбаевдин соту болот


Эртең Москва райондук сотунда “Жашылдар” партиясынын лидери менен кошо дагы эки киши: “Болуш” ассоциациясынын төрагасы Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловдун соту болот. 27-июлда боло турган сот адвокаттардын жана котормочулардын жоктугунан улам 5-августка жылдырылган.
“Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” коомунун башчысы Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов Петровка жаңжалын уюштурду деп айыпталып, апрелдин аягынан бери Коопсуздук Комитетинин камагында отурушат. Айыпталуучулар өздөрүнүн камалышын саясий себептер менен байланыштырып келишет. Эскерте кетсек, 26-апрелде Москва районунун Петровка айылында 4 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу жаңжал чыгып, кыргыз жана орус улутундагы жергиликтүү эл күрд тургундардын айылдан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG