Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

29-июлда милициядан токмок жеген адам камакта


“29-июлда милиция кызматкерлери катуу сабаганы үчүн бөйрөгүнө доо кетип, ооруканага жаткырылган Самгыт Сарманбетов кайра убактылуу камоочу жайга жеткирилген. Анын акыбалы, ден-соолугу милиция кызматкерлерин кызыктырган эмес,” деп билдирди укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка”. Анын айтуусунда ушул тапта да Сарманбетовдун абалы оор, аны 7 күнгө камакка кесүү боюнча сот чечими чыкканда эле милиция ооруканадан алып, кайра убактылуу камоочу жайга жеткирип салган. Укук коргоочулар анын кайрадан ооруканага жаткырылып, тиешелүү деңгээлде дарыланышын талап кылышмакчы. Буга чейин Самгыт Сарманбетовдун сабалышына байланыштуу ИИМдин орун басар министри Сабырбек Курманалиевге чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоочулар Башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы көзөмөл органы азырынча буга жооп кыла элек. Арашан айыл кеңешинин депутаты Самгыт Сарманбетов 23-июлдагы президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразылык билдирип, жөө жүрүшкө чыккан жерден аны милиция кармап, катуу сабап салганы айтылууда.

Милиция болсо 29-июлда жөө жүрүшкө чыккандар митинг-пикет өткөрүү тууралуу мыйзамды бузганы үчүн камакка алынганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG