Адам укуктарын корггочу Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюму Өзбек бийлигин 12 жылга кесилген журналист Дилмурод Саитовду азат кылууга үндөдү. Уюмдун Борбор Азия жана Европа боюнча директору Холли Картнер анын үстүнөн болгон сотту “адилеттүүлүктүн пародиясы” деп сыпаттады. Саидов февралда камакка алынган. Аны опузалап акча өндүрүп алуу, алдамчылык үчүн күнөөлөшкөн. Журналисттин тарапкерлери ага тагылган айыпты саясий жүйөө менен байланыштырууда. Хьюман Райтс Уочтун ырастоосунда, Саидов Самарканд облусундагы аткаминерлер арасындагы паракорлуктун бетин ачууга аракеттенген.