Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

“Кылым шамы”: 6 жылда 4 миңдей адам кайрылды


Бүгүн “Кылым шамы” укук коргоо бейөкмөт уюмунун түзүлгөнүнө туура алты жыл толду. Уюм жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” маалымдашынча, аларга түзүлгөндөн тарта жардам сурап төрт миңден ашуун адам кайрылган. Кыргызстандагы эки миңден ашун тынч митинг, пикеттерге байкоо салган. Өлкөнүн баардык аймактарындагы түрмөлөргө кирип байкоо жүргүзгөн. Кыйноого кабылган эчен адамдарга көмөк көрсөткөн. А. Абдирасулованын айтымында, 2003-жылы бул уюмду алгач “Кыйноолорго каршы кыргыз комитети” деген ат менен түзүүгө аракет кылышкан. Бирок Адилет министрлиги каттабай койгондон кийин “Кылым шамы” деп атап кайрадан каттатышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG