Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Иракта террордук уюмдун лидери кармалды

Ирактын түндүгүндө “Ансар ал-ислам” тобунун лидерлеринин бири Факри Хади Гари камакка алынды. Ал Абу Аббас деген да ат менен таанымал жана бул топ “ал-Кайида” террордук уюму менен байланышта болгону маалым. Ирактагы америкалык командачылыктын маалымдашынча, Абу Аббас 24-июлда камакка алынган. Ага террордук уюмду түзгөн жана аны каржылаган деген айыптар коюлууда. Испаниянын бийлиги “Ансар ал-Ислам” тобу 2004-жылы 11-мартта Мадриддеги террордук чабуулдарды уюштурган деп ырастоодо. Бул террордук кол салуудан 200 киши мерт кетип, 1800гө жакыны жабыркаган.
​
XS
SM
MD
LG