Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Сот Э. Бөлөкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок


Петровка жаңжалына байланыштуу ишти карап жаткан Москва райондук соту “Жашылдар” партиясынын лидеринин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты. Мындай өтүнүч менен анын адвокаты Александр Типеров Эркин Бөлөкбаевдин саламаттыгынын начарлап жатканына байланыштуу кайрылган. Ушундай эле өтүнүч менен Петровка жаңжалын уюштурган деп айыпталып жаткан Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловдун адвокаттары кайрылышкан. Ушул тапта сот бул өтүнүчтөрдү кароонун үстүндө иштеп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Москва районунун Петровка айлында күрт улутундагы жигит 4 жашар орус кызды зордуктады деп, жергиликтүү бийлик, күч органдары буга карата эч кандай аракет көрбөгөндүгү үчүн айылдын кыргыз-орус тургундары тополоң кылышкан. Натыйжада бир канча күрт улутундагы жашоочулар айылдан чыгып кетишкен, ал эми бул ишти уюштурду деген негиз менен "Жашылдар" партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаев, "Болуш" ассоциациясынын президенти Сапар Аргынбаев жана айылдын тургуну Уран Рыскулов камакка алынган. Алар өздөрүнүн камалышын саясий себептер менен байланыштырышууда.
Ошондой эле кыз зордуктан күрт улутундагы жигит кармалып, ага байланыштуу кылмыш иши ачылганы маалымдалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG