Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде 18 кишинин ичинен үчөө тери күйдүргү дартына чалдыкканы такталды. Учурда алар тишелүү медициналык жардам менен камсыз болууда. 29-июлда Аксы районунун Токтогул, Семет, Торук айылдарынын 18 тургуну күйдүргү оорусун жуктуруп алды деп шектелип, Аксы аймактык ооруканасына жаткырылган болчу.(AzK)