Эртең Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда курулушчулардын кесиптик майрамына арналган салтанат уюштурулат. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматында, салтанаттуу иш чарага 1000 киши чакырылат. Алардын ичинде Кыргызстандын курулуш индустриясына зор салым кошкон курулуш тармагынын ардагерлери бар. Бул күндүн алкагында, филармонияда курулуш агенттигин өкүлдөрү архитекторлор союзунун өкүлдөрү менен бирдикте долбоорлордун жана курулуш материалдарынын көргөзмөсүн өткөрүшөт. (AzK)