Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

Аксыда 5 кишиге күйдүргү жукканы анык болду

Өзгөчө кооптуу жана инфекциялык оорулар боюнча республикалык борбордун башчысы Жалалиддин Гайбуллиндин билдиришинче, Аксыда буга чейин шектелип ооруканага түшкөндөрдүн ичинен 5 кишинин күйдүргү дартына чалдыккандыгы такталды. Анализдердин жыйынтыгы боюнча жети киши таза чыккан, ал эми 5 киши учурда текшерилип жатат. “Азыр карантин жарыяланып, Кош-Дөбө базары жабылды. Эт сатылган павильондордо тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат”, -деп айтты Жалалиддин Гайбуллин. (AzK)
XS
SM
MD
LG