Бүгүн Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн “Оймо-2009” эл аралык фестивалдын ачылышы болот. Фестивалга Борбор Азия мамлекеттеринен жүз кол өнөрчү катышат деп күтүлүүдө. Иш чара Бишкекте жана Чолпон-Атада 16-августка чейин уланат. Фестивалды Кыргызстан менен кызматташтык боюнча Швейцария бюросу жана жергиликтүү бир катар компаниялар каржылоодо. (BuS)