Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Владимир Путин Түркияга иш сапары менен барат


Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Түркияга иш сапары менен барат. Түрк бийлиги менен сүйлөшүүлөр маалында энергетика тармагында кызматташтык тууралуу сөз болору күтүлүүдө. Орус өкмөтүнүн аппарат башчысынын орун басары Юрий Ушаков Путиндин сапарынын алдында Түркия өз аймагында “Түштүк агым” газ куурун төшөөгө макул болгонун билдирди. “Түштүк агым” газ кууру орусиялык газды Түштүк-Чыгыш Европага жеткирмекчи. Июлда Анкарада “Набукко” газ куурунун долбоору боюнча келишимге кол коюлган. Эгерде “Набукко” курулуп бүтсө, Борбор Азиядан газ Европага Орусияны кыйгап өтмөк.

XS
SM
MD
LG