Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Ош-Эркечтам жолу ачылды


Өткөн жылы жер титирөөдө кыйрап калган үйлөрүнүн ордуна тургузулуп жаткан турак-жайлардын курулушу солгун болуп жатканына нааразы болгон Нуралыктар 4-5-август күндөрү жол тосуп, автоунааларды өткөрбөй атышкан. Кечээ кечке жуук алар менен КР курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Каныбек Нарбаев барып жолугушту. Анын жергиликтүү тургундарга маалымдаганы боюнча коңшулаш Кытайдын Шиңжаң автономдуу облусунда болгон баш-аламандыктан айрым курулуш материалдарын алып чыгуу кечеңдеген. Каныбек Жороев турак-жайдын курулушун 5-сентябрга чейин бүтүрүп берүүгө чогулган элге убада берди, ошондон кийин таркадык, деп билдирди “Азаттыкка” Нура айлынын тургуну Бакыт Жороев.

Өткөн жылы 7 баллдык жер титирөөдө Алайдын Нура айлында 150дөн ашуун үй кыйрап, 75 киши каза тапкан. Кыйраган үйлөрдүн ордуна турак-жай тургузуп берүүнү КР курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттик мойнуна алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG