Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Санжар Худайбергановду көпкө аңдып жүрүшкөн


Бул тууралуу анын карындашы Дилобар «Азаттыкка» билдирди. Анын маалымдашынча, Санжар Худайбергановду Бишкекке келгенден бери бир топ мезгил белгисиз адамдар жөө, машине менен аңдууга алган. Жада калса агасы жашаган жердеги кошуна колоңдорду да суракка алган. Бул туурасында Санжар Худойберганов карындашы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда бир нече жолу айткан. Ошондой эле Дилобар аңдуу жана коркунуч тууралуу агасы БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын Бишкектеги кеңсесине жолдогон арызына жазганын тастыктады.

Дилобар 2005-жылы Өзбекстандан качып чыккан, учурда Европада баш паанекте жашап жүрөт.

Бишкекте качкын макамын сурап жүргөн өзбекстандык жаран Санжар Худайберганов уулу Сарварбек Эркинзода менен 30-июлдан бери дайынсыз жок. Бул тууралуу билдирген HRW уюму өзбекстандык эки бозгун күч менен мекенине кайтарылышы мүмкүн деген тынчсыздануу билдирген.(SA)

XS
SM
MD
LG