Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Мумбаидеги жардыруулар үчүн айыпталгандар соттолду

Индияда Мумбаи шаарында 2003-жылы болгон жардыруулар үчүн айыпталган 3 киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Кол салуудан 50дөн ашуун адам мерт кеткен. Полициянын ырастоосунда, жардыруулар индустардан өч алуу иретинде уюштурулган. 2002-жылы Индиянын батышындагы Гужарат аймагындагы көтөрүлүш учурунда көптөгөн мусулмандар өлтүрүлгөн. Прокуратура кол салуу Пакистанда жайгашкан "Лашкар-и-Тайба" тобунун катышуусу менен уюштурулган деп айыптаган. Дели бул топ Мумбаидеги бир катар теракттар, анын ичинде 160 кишинин өмүрүн кыйган былтыркы кандуу кол салуунун артында турат деп айтып келатат.
​
XS
SM
MD
LG