Липецк облусунда өтүп жаткан “Жаш гвардия - 2020” Бүткүл Орусиялык жаштардын окуу лагерине Кыргызстандын “Ак жол” партиясынын жаш канатынын мүчөлөрү катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кыргызстандан башка ал машыгуу лагерине Абхазия, Азербайжан, Белорус, Германия, Кытай, Куба, Украина жана Түштүк Осетия өлкөлөрүнөн жаштар өкүлдөрү катышууда. Иш чараны Орусиянын бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жаш канаты уюштурууда. (SA)