Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Москва Батышты Грузияны курал менен камсыздабоого үндөдү


Орус тышкы иштер министрлиги Батыш Грузияны курал-жарак менен камсыздоону токтотсун деген талабын кайталады. Министрликтин маалымат катчысы Андрей Нестеренконун айтымында, мындай аскерий колдоо Грузин жетекчилиги арасында “маселелерди куралдын жардамы менен чечсе болот” деген ойду жаратат. Жума күнү грузин-орус согушунун 1 жылдыгы болот. Анын алдында тараптар бири-бирин жаңы агрессия даярдап жатат деп айыпташты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму эки өлкөнү тирешүүнү курчуткан билдирүүлөрдөн жана аракеттерден карманууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG