Ооганстандын түштүгүндө жолго коюлган бомбанын жарылуусунан 21 киши мерт кетти. Кабарларга караганда, бомба Гилменд вилайетиндеги Гармсер районунда ондогон адамдар үйлөнүү тоюна бараткан маалда жарылган. Бийликтин маалыматы боюнча дагы 5 киши жараат алды.