Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Үркүндү эскерүү башталды


Үркүндүн 93 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чара Улуттук китепканадан башталды. Бул жерде 1916-жылкы кыргында набыт болгондорду эскерүү-реквиеми болуп жатат. Ага акын-жазуучулар, тарыхчылар, кыргыз өкмөтүнөн өкүлдөр жана ЖК айрым депутаттары катышууда. Бир аздан кийин Үркүндү эскерүү Боом капчыгайында уланат. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” кабарлашканы боюнча Бооп капчыгайына Бишкектен элди алып барууга атайын автоунаалар уюштурулган.

1916-жылы падышачылык Орусия аскерлеринин кысымына каршылык билдирген эл катуу кыргынга кабылып, Кытайга карай качкан элдин көпчүлүгү жолдо сууктан, ачкачылыктан набыт болушкан. Тарыхый маалыматтарга караганда Үркүндө 300 миңден ашуун кыргыз кырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG