Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Күйдүргү дартына байланыштуу кылмыш иши козголду


Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты. Анда айтылгандай Аксы районунун Кош-Дөбө айыл округунда 5 кишинин күйдүргү дартына чалдыкканына байланыштуу “Ветеринардык эрежелерди бузган” деген айып менен кылмыш иши козголду. Мындан тышкары Жалал-Абат облустук прокуратурасы тарабынан күйдүргү дартынын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтин, анын ичинде ветеринардык кызматтардын иши көзөмөлгө алынууда.

Өткөн жумада Аксы районунун бир катар айыл өкмөттөрүндө күйдүргү оорусунун очогу чыгып, 18 киши бул ооруга байланыштуу ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 5 кишиге күйдүргү илдети жукканы аныкталды.

Жергиликтүү бийлик бул коркунучтуу илдеттин чыгышына ар кандай жаратылыш кырсыктары себеп болуп жаткандыгын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG