Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Талиптердин лидери өлгөнү айтылды


Бул тууралуу Пакистандын ички иштер министрлиги билдирди. Талиптердин анабашчысы Баитулла Мехсуд эки күн мурда Важиристанда ракета чабуулунан көз жумганы тууралуу кабар түшкөнү менен, бул азырынча расмий тастыктала элек. Анын өзүнүн жакын санаалашы жана өкмөттүн коопсуздук кызматы Мехсуддун жаназасы да окулуп, ал жерге берилгенин айтышкан. Өлкөнүн тышкы иштер министри кабардын чын-жалганын аныктоо үчүн бийликтер ошол жерге жөнөп жатышканын айтты. Мехсуд жетектеген талиптер Пакистанда бир топ кандуу жардыруударды жасап, Ооганстандагы эларалык аскер күчтөрүнө чабуулдарды коюшканы белгилүү. АКШ болсо Мехсуддун башы үчүн 5 млн.доллар байге жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG