Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Өзбекстандык эки бозгун табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Адилет” укуктук клиникасынын деректири Чолпон Жакупова билдирди. Анын айтымында, бозгундардын табылгандыгы тууралуу ошол жоголду деп жаткан Санжар Худайбергеновдун жубайы кечээ кечинде маалымдаган. С. Худайбергенов уулу менен Ошто экенин Улуттар Уюмунун качкындар менен иштеген өкүлдөрү да тастыктаган. Бирок ал жакка качан кантип барып калгандыгы тууралуу азырынча эч кандай маалымат берилбестигин айтышкан. Хьюман Райтс Уотч уюму качкын макамын ала албай жүргөн С. Худайбергенов 30-июлдан бери дайынсыз жоголуп жатканына мурагы күнү тынчсыздануу билдирген. Аларды күч менен мекенине кайтарылышы ыктымалдыгын айткан. Кыргыз тартип коргоо органдары өзбек качкындарынын дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат жок экенин билдиришкен. С. Худайбергеновдордун беш кишиден турганү үй-бүлөсү БУУнун качкындар комиссарлыгынын Бишкек бөлүмүнө качкын макамын сурап 2008-жылдын 19-июлунда кайрылган. 30-июлда Бишкекте Миграция боюнча комитетке каттоо документинин мөөнөтүн узартуу үчүн барган бойдон дайынсыз жоголду деп кабарларган. (EBM)

XS
SM
MD
LG