ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Иранда оппозициянын колдоочулары соттолууда

Бүгүн соттолуп жаткандардын арасында француз жараны, ошондой эле Британия менен Франциянын элчиликтеринин кызматкерлери да бар. Аларды “чет-өлкөнүн тыңчысы” деп айыптап жатышат. Өткөн аптада 100дөй адам соттолгон. Алар Иранда 12-июнда өткөн шайлоодон кийин оппозициянын демонстрацияларында камакка алынган болчу. Оппозиция болсо соттолуп жаткандардын укугу бузулганын айтып, бүгүнкү сотту “шоу” деп атады.
​
XS
SM
MD
LG