Орус-грузин согушуна өткөн түнү туура бир жыл толду. Атышууларда көз жумгандарды эскерүү чаралары Грузияда, Орусияда, жана Түштүк Осетияда өттү. Өзүн Грузияга баш ийбеген мамлекет деп жарыялап чыккан дал ушу Түштүк Осетияга жакын Гори аймагында грузин президенти Михаил Саакашвили Орусияны “окту биринчи болуп атканы үчүн эле эмес, кийин Грузиянын жерин басып алганы үчүн” да айыптап жатты.
"Бир жыл мурда, 7-августта, бир канча күн бою биздин айылдарды, жарандарыбызды, полициябыз менен аскерлерибизди оор куралдары менен бомбалап, Грузияны бастырып алуу башталган, - деди ал чогулган элдин алдында. - Тарыхта бир канча жолку күрөштөрдөн кийин, сүйүктүү улутубуз дагы бир ирет өзүн коргош үчүн колуна курал алды".
Орусияда болсо кечээ кечинде НТВ каналы менен интервьюда президент Дмитрий Медведев согуш учурунда аскерий буйруктарды берүү оңой болбогонун, бирок алар туура чечим болгонун айтты. Ал Грузияны “кырдаалды согуштук деңгээлге чейин жеткиргени үчүн” айыптап, Орусияда мындан башка айласы калбай калгандыгын айтты.
"Биз ал учурда акыркы мүнөттөргө чейин грузин жетекчилигинде абалды курчутуп, акыр аягында адамдардын өлүмүнө, оор геосаясий жагдайга алып келе турган натуура кадамдарга барбаганга акыл-эси, абийири жетет го деп ойлогонбуз", - деп айтты Д.Медведев.