Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

“Иттипак” Үрүмчү окуясынын курмандыктарын эскерет


Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” уюму Үрүмчүдөгү кагылышта каза тапкан уйгурларды эскерүү иш-чарасын өткөрөт. Эскерүү Бишкектеги “Сейтек” борборунда эртең болот. Аталган уюм өткөн айда Үрүмчүдөгү уйгурлардын абалына тынчсызданып Улуттар Уюмунун баш катчысына, кыргыз президентине жана Кыргызстандагы кытай элчисине кайрылуу жолдогон. Бул кандуу окуя акыйкат иликтенип, күнөөкөрлөрдү эл аралык сот жообуна тартууга, камакта жаткан уйгурларды бошотууга жардам берүүгө дүйнөлүк коомчулукту үндөгөн. 5-июлда Кытайдын Үрүмчү шаарында уйгурлар менен кытайлар кагылышып жүз элүүдөн ашык адам каза тапкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG