Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Петровка чатагы боюнча сот эртең уланат


Эртең Петровка айлындагы башаламандыкка тиешеси бар деп шектелген жети адамдын иши боюнча соттук териштирүү уланат. Москва районундук соту бул ишти 5-августтан тарта карай баштаган. Сот айыпталып жаткан Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызды канааттандырган эмес. Сот процесстин жүрүшүндө айыпталып жаткандар менен алардын жактоочулары мамлекеттик айыптоочуларга, соттун судьясына ишенбестик билдиришкен. Ушул жылдын 25-апрелинде Петровкада күрт улутундагы жигит төрт жашар орус кызды зордуктады деп жергиликтүү эл нааразыланып күрт улутундагы жашоочуларды тезинен айылдан чыгып кетүүнү талап кылышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG