Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

М.Лисицина: Адам укуктарынын абалы кооптуу


“Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы жалпы абал кооптуу”,-деп билдирди Хьюман Райтс Уотч уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсээсинин Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн изилдөөчүсү Мария Лисицина “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде. Анын айтымында, Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин депутатынын өлүмү, депутаттын жоголушу, журналисттерге кол салуу, көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшү аларга байланыштуу тергөө органдарынын иликтөөлөрү натыйжасыз болуп, эл аралык стандарттарга жооп бербегени өтө кооптуу абалды түзөт. Ал ошондой эле Кыргызстанда оппозицияга кысымдар жасалып, бейөкмөт жана диний уюмдар тууралуу мыйзамдардын өзгөртүлүп аларга чектөө салынып жатканына кабатырланганын билдирди. Расмий бийлик болсо Кыргызстанда демократиянын негиздери сакталып, адам укуктарын коргоо негизги маселе экенин айтып келет.(AJ)

XS
SM
MD
LG