Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:17

Эмгек миграциясы боюнча маселе талкууланат


Эмгек миграциясынын социалдык-экономикалык, саясий кесепеттерин талкуулаган эл аралык жыйын эртең, 11-августта Бишкекте өтөт. Иш чаранын уюштуруучусу кыргыздардын эл аралык “Замандаш” ассоциациясы маалымдагандай, конференцияга Орусия, Казакстан, Түштүк Корея, Кытай, Түркия, Италия, Египетте иш алып барган кыргыз диаспораларынын, эл аралык уюмдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат. Иш чаранын катышуучулары миграциялык саясатты алдыга жылдыруу боюнча атайын программаны иштеп чыгып, сунуштардын негизинде резолюция кабыл алышары күтүлүүдө. (MSu)

XS
SM
MD
LG