Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Ома менен Омар президенттен белек алышты


Бүгүн кыргыз эстрада ырчысы Омага президенттин атынан үч бөлмөлүү үйдүн ачкычы тапшырылды. "Ома" деген ат менен таанымал Өмүрбек Андарбеков мамлекет башчынын бул белегине өткөн жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн аткаруучулук өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк конкурста жеңүүчү болуп кайткандыгы үчүн татыды. Ома АКШда өткөн конкурста дароо үч номинация боюнча үч алтын медаль, бир номинация боюнча күмүш медаль жана чемпиондук төрт орундун экөөнү олжолоп алган эле. Ошондой эле бүгүн кыргыз эстрадасынын дагы бир ырчысы Омарга вокалдык искусство боюнча АКШда билим алып келүү үчүн президенттин атынан жардам катары беш миң 200 доллар өлчөмүндөгү каражатты тапшыргандыгын “Азаттыкка” Маалымат жана маданият министри Султан Раев билдирди. (MSu)

XS
SM
MD
LG