Мамлекет башчы К. Бакиевге президенттик кызматка кайрадан шайланышына байланыштуу БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун куттуктоо катын жолдоду. Анда Пан Ги Мун мырза Кыргызстан БУУнун маанилүү өнөктөшү жана Борбордук Азияда туруктуу өнүгүүнүн жигердүү жактоочусу экенин белгилеп, кыргыз өкмөтү менен тыгыз иштер улантыла берет деген ниетин билдирди. Кыргыз президенти К. Бакиевди экинчи мөөнөткө мамлекет башчы болуп шайлануусу жана 60 жаш мааракеси менен Венгриянын президенти Ласло Шойом, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркел айым да куттукташты. Буга чейин К.Бакиевди куттуктоо телеграммаларын Пакистан, Азербайжан, Беларус,Германиянын өлкө башчылары жиберишкен. (MSu)