Кытайдын Үрүмчү шаарында уйгурлар менен кытайлардын кагылышуусунда каза болгондорду эскерүү иш-чарасын “Сейтек” борборунда өткөрүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бербегендиктен Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” уюму аны Бишкектин Аламүдүн кичи районунда жайгашкан “Беседка” кафесинде өткөрдү. Иш чаранын соңунда “Иттипак” уюмунун төрагасы Дилмурат Акбаровду Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кетишип, бир нече сааттан кийин Акыйкатчы Т.Акундун кийлигишүүсү менен бошотулду. “Иттипак” уюму Үрүмчүдөгү уйгурлардын укуктары тебеленип жатканына жана камакка алынып жатышына тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигине жана Кыргызстандагы Кытай элчисине кайрылуу жолдогон эле. Маалыматтарга караганда, Ушул жылдын 5-июль айында Үрүмчү шаарындагы уйгур-кытай кагылышусунда жүз элүүдөн ашык адам каза таап, 800дөн ашуун адам жаракат алган, жүздөгөн адамдар камакка алынган. (MSu)