Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

"Кылым шамы": Пикет өткөрүү демилгеси күчүндө


17-августта Коопсуздук комитетинин жанында акция өткөрүү демилгесинен укук коргоочулар кайткан жок. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова билдирди. Өткөн жумада Биринчи май райондук соту акция өткөрүүгө тыюу салган. Сотсуз, өз алдынча кабыл алган жергиликтүү бийликтин чечимин “Кылым шамы” уюму райондук жана райондор аралык сотко берген. Соттор уюмдун арызын карай элек. Бул аралыкта укук коргоочулар акция өткөрүү тууралуу бийликке кабарланды деп, демилге күчүндө экенин эскертүүдө.
Укук коргоочулар бул күнү атайын кызматтарды терроризмге, экстремизмге каршы күрөштө адам укуктарын одоно бузуп атат деп айыпташып, Ноокат, Жалал-Абад жана Балыкчы окуялары боюнча кармалгандарга каршы мыйзамсыз чараларды токтотууга чакырышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG