Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Газдын баасы арзандайт деп күтүлүүдө


Кечээ Ташкенде “Узтрансгаз” менен “Кыргызгаздын” ортосунда газдын баасы боюнча сүйлөшүү башталды. Кыргыз тараптан сүйлөшүүгө “Кыргызгаз” ишканасынын башчысы Саламат Айтикеев баштаган делегация катышууда. Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы тыянактары тууралуу маалымат таратыла элек. Буга чейинки кабарларга караганда тараптар Кыргызстан сатып алчу көгүлтүр оттун келерки жарым жыл үчүн баасын аныктап жатышат. Биринчи жарым жылда Кыргызстан Өзбекстандан газдын миң кубун 240 доллардан сатып алды. Бул ирет Өзбекстан газдын баасын арзандатат деп күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG