Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Кытайда 1200 киши камактан чыкты


Кытай бийлиги өткөн жылы Тибеттеги массалык толкундоолор маалында камакка алынган 1200 киши бошотулганын билдирди. Кытай түрмөлөрүндө ушул жылдын июль айында Шинжаң автономиялык районундагы башаламандыктар маалында кармалган 700 киши кала берүүдө. Башаламандыктар учурунда 200 киши набыт болгон. Бириккен Улуттар уюмунун расалык диксриминацияны жоюу боюнча комитетинин Женевадагы жыйынында расмий Бээжинди Кытайда дин укугу бузулуп жатат деген укук коргоочулардын докладдарына жооп кайтарууга чакырык болду. 7-августта Женевада Кытайдан барган делегация Тибет жана Уйгурлардын регионундагы башаламандыктарды чагым катары баалады.

XS
SM
MD
LG