Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:51

Балыкчыда кармалгандар Жогорку Сотко кайрылышат

Жогорку Сотко кайрылуу үчүн документтер даярдалып жатканын “Азаттыкка” Социал-демократтар партиясынын Ысык-Көлдөгү штабынан өкүлдөрү билдиришти. 7-августта аймактагы облусттук сот Балыкчыда кармалгандардын ишин карап, алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызды четке каккан. Абакта камоо мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узарткан. Тагылган айыптарды күчүнө калтырган. 23-июлда президенттик шайлоо күнү Балыкчыда чыккан тополоңдон он төрт киши кармалган. Аларга “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, массалык баш-аламандык уюштурууга аракеттенди”, деген айыптар тагылууда. (EBM)
XS
SM
MD
LG