Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Майыптарды колдогон жөө жүрүш марафон уланууда


Ысык-Көлдөгү майыптар союзунун төрага орун басары Ринат Жаналиев менен сегиз жапониялык волонтер 8-августта Балыкчыдан баштап Кара-Колго чейин жөө жүрүш марафонун улантып жатышат. Алар он күндүн ичинде 220 чакырым жерди жөө баскан жатышат. Уюштуруучулардын маалымдашынча, мындай иш-чара өлкөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалууда. Марафон ушуну менен экинчи ирээт өткөрүлүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда майыптар жалпы элдин эки жарымдай пайызын түзөт. Адисттер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны мындан да көп экенин айтып келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG